Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

БУУ Сирияга беш млрд. доллар жардам чогултуу өнөктүгүн баштады


Улуттар Уюмунун бул демилгеси бүгүн Женевадагы конференцияда жарыяланды.

Азыркы өнөктүк гуманитардык жардам көргөзүү боюнча буга чейинки акциялардын эң ириси катары бааланууда.

БУУнун эсептерине караганда, быйыл жыл соңуна чейин 10 миллион 250 миң сириялык же өлкө калкынын жарымы гуманитардык жардамга муктаж болот.

БУУнун Чукул жардамдар боюнча координатору Валерие Амос Женевадагы басма сөз жыйында:

- Биздин эсебибизде, Сирияда азыр 6,8 миллион киши чукул жардамга муктаж. Башкача айтканда, чукул гуманитардык жардамга ар бир үчүнчү сириялык муктаж болуп турат. Январдан апрелге чейин жер которууга мажбур болгондордун саны эки эсе көбөйдү.

Азыр Сириядан коңшу мамлекеттерге качкандардын саны 1.6 миллиондун тегерегинде. Жыл аягына чейин качкындар 3,4 миллионго чаап барат деп күтүлүүдө.

БУУнун эсептери боюнча эки жылдан ашып калган жаңжалда Сирияда 80 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG