Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Камчыбек Ташиевдин инисине кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Шайырбек Ташиев маалымат агенттиктерине өзү билдирди.

Жума күнү УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгында сурак берген Шайырбек Ташиевдин ырастоосунда, анын үстүнөн Кылмыш кодекстин “массалык баш-алмандык”, “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык”, “бийликти күч менен ээлөө же кармоо” беренелери боюнча иш козголду.

Шайырбек Ташиев “К NEWS” агенттиги менен маегинде сурак бергенден кийин эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде койо берилгенин кошумчалады.

31-майда “Ата Журт” партиясынын абактагы үч депутатынын жактоочулары Жалал-Абад облустук акимчилигин ээлеп, анын артынан эки күн боюу Ош-Бишкек жолун торошкон болчу. Алар абактагы депутаттардын бошотулушун талап кылышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG