Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

“Республика” коалициялык көпчүлүккө кошулганы жатат


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, парламенттеги коалициялык көпчүлүк кечээки жыйында “Республика” фракциясынын көпчүлүккө кошулуу тууралуу чечимин карады. Анын айтымында, аталган фракция коалициялык көпчүлүккө кошулуу шарттарын тактоо боюнча жумушчу топ түзгөн, коалициялык көпчүлүк да топ түзүп учурда экөө биргелешип иштесин деген чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы былтыр жайында түзүлгөн жана Социал-демократтар, “Ата-Мекен” жана “Ар-намыс” партияларынан турат. Жакында эле фракциялардан сырткары парламентте топ түзүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынган. Мындан улам “Ата-Журт” менен “Республикадан” чыккан айрым депутаттык топтор көпчүлүккө кошулган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG