Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Түркия: демонстранттар тарабай жатат


Стамбулда демонстранттар дем алыш күндөрдөгү өкмөткө каршы нааразылык акциясын улантып жатышат. «Алар толкундоолордун чордону болгон Таксим аянтында кала беришүүдө» деп билдирди "Азаттыктын" кабарчысы Глэн Кейтс:

Мындай майрамдык маанай, демонстранттар шам-шум этип, сыра ичип, өргүп жатышат. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бардык демонстрацияларды токтоткула дебедиби, бирок демонстранттардын тарап кетүүгө ниети жок.

31-майда полициянын демонстранттар менен зордукчул кагылышынан кийин Эрдоган авторитардык башкарууда деп күнөөлөнүп, анын исламчыл АК партиясына нааразылык күч алды. Өтүп бараткан аптада Стамбул, Анкара, башка шаарлардагы кагылыштарда үч кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG