Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Манделанын абалы "оор, бирок туруктуу"


Түштүк Африка жумуриятынын өкмөтү билдиргендей, экс-президент Нельсон Мандела «оор, бирок туруктуу» абалда ооруканада кала берүүдө. Өкмөт өз билдирүүсүндө өтүшүп кеткен өпкө инфекциясынан жапа тарткан Манделанын абалы бүгүн эртең менен начарлап кеткенден кийин ооруканага жеткирилгендигин бышыктады. Йоханенсбургдун жергиликтүү тургуну Жакоб Хамбуле көпчүлүктүн камтамасын мындайча билдирди:

Кайгылуу кабар болуп жатат. Кудайдан ага өмүр тилейм, оңолуп кетсин, ал биздин өлкөдөгү эң мыкты адам.

Мандела Түштүк Африканын расисттик режимине каршы күчөшү үчүн дээрлик 30 жыл түрмөдө отуруп чыккандан кийин тынчтык жол менен күрөштүн тайбас жактоочусу катары Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган. Ал өз өлкөсүнүн биринчи кара түстүү президенти болуп 1994-жылы шайланган.

94 жаштагы Манделаны өз өлкөсүндө жана дүйнөдө расалар арасындагы элдешүүнүн колдоочусу катары баалашат. Ал акыркы айларда бир нече жолу ооруканада дарыланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG