Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Обама: Кытай "тынч" өнүгүп-өсүп жатат


Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Калифорнияда жолугушкан АКШнын президенти Барак Обама Кытайдын глобалдык дөөлөткө тынчтык жол менен айланып келатканына куштарлануусун билдирди.

Кытайлык президентти Калифорниянын түштүгүндөгү санжыргалуу чөл сарайында тоскон Обама эки өлкөнү кайраштырган кибер-коопсуздук маселесин Кытай менен биргеликте чечүүгө болот деген үмүтүн билдирди.

Обама ошондой эле айрым кыйынчылыктарга карабастан, эки өлкө тең кызматташтыкка кызыкдар экендигин кошумчалады. Цзинпин өз кезегинде Кытай менен АКШ эки дөө-шаанын алакалашуусунда башкаларга үлгү боло алат деген үмүтүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG