Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Москвадагы намазканада 300дөн ашык киши кармалды


Полициянын кабарлашынча, жума күнү кармалгандардын 170и чет элдиктер болду. Полиция алардын эмне себептен кармалганын билдирген жок. "Ройтерс" агенттиги быйыл Москва, Санкт-Петербургда ушуну менен үчүнчү жолу ушундай окуя болуп жаткандыгын билдирүүдө.

Мунун алдында президент Владимир Путин келерки жылга белгиленген Сочидеги Олимпиада оюндарынын алдында радикал исламчылар менен күрөштү күч алдырууга буйруган.

Кечээ коопсуздук кызматтары менен өткөргөн жыйында Путин коррупция, кылмыштуулук жана козголоңчулар менен күрөштү айоосуз жүргүзүүгө чакырган. Ал Түндүк Кавказдагы кырдаал айрыкча көзөмөл астында болушу керектигин эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG