Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Пакистан Кошмо Штаттарды дрон чабуулу үчүн нааразы


Пакистандын жаңы өкмөтү америкалык чалгын кызматтары пилотсуз учак менен аз дегенде жети согушкер өлтүрүлдү деген чабуулга байланыштуу АКШнын өлкөдөгү башкы дипломатына нааразылык билдирди. Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, нааразылык ишембиде АКШнын элчисинин кызматын өтөп жаткан Ричард Хоугландга тапшырылды. Ооганстан менен чек аранын жанындагы Түндүк Вазиринстан аймагында жуманын кечиндеги ракета чабуулу Наваз Шариф шаршембиде өкмөт башчысы катары кезектеги мөөнөтүнө киришкенден кийинки АКШнын алгачкы дрон чабуулу болуп калды. Шариф мындай чабуулдарды токтотууну талап кылып келет. АКШнын президенти Барак Обама өткөн аптада АКШ дрон менен чабуулдарды «коркунуч токтобой жаткан учурларда" гана колдонууга сөз берген.

XS
SM
MD
LG