Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Июнь коогасы тутанганына 3 жыл толду


Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда эскерүү иш-чаралары өтөт. Анда коога учурунда каза болгондорго багышталып куран окулуп, элди ынтымакка чакырган сөздөр сүйлөнөт. Эскерүү иш-чарасына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышат.

Июнь коогасынын үч жылдыгына карата президент Алмазбек Атамбаевдин бул окуялар жөнүндө макаласы жергиликтүү гезиттерге басылып чыкты. Анда 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандын айрым аймактарында улуттар аралык мамилени козутуу аракеттери болуп, убактылуу өкмөт улам аларды токтотуу чараларын көргөнү, бирок Ош окуясында бийликтин күчү жетишсиз болуп калганы жазылат. Президент кандуу окуялар көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн кесепетинен гана эмес, атайылап уюштурулган чагымчыл аракеттерден улам чыкканын белгилеген.

2010-жылдын 10-июнунун кечинде Ош шаарында кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда тутанган жаңжал улут аралык чоң чатакка айланып кеткен. Бир жумага созулган жаңжалда эки тараптан 400дөн ашык адам мерт кетип, ондогон адамдар дарексиз жоголгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG