Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Түркияда өкмөткө каршы акциялар уланууда


Жекшемби күнү кечинде он миңдеген адамдар Стамбул, Анкара, Измир баштаган бир нече ири шаарлардын көчөлөрүнө чыкты. Стамбулда демонстранттар полициянын көздөн жаш агызчу газ колдонушуна жооп иретинде дөңгөлөктөрдү өрттөп, фейерверктерди ыргытты.

Ал эми өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган кайрадан өз бийлигине каршы чыккан демонстранттарды «ууру-кески» деп айыптады. Эрдоган жекшембиде Адана шаарында сөз сүйлөп, өз колдоочуларын зордукчул аракеттерге барбоого чакырды. 9-июнда Эрдогандын партиясы он миңдеген демонстранттардын шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабын четке каккан эле.

Алгач бийликтин Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы паркты бузуу планынан тутанган нааразылык 31-майда башталып, өлкө боюнча өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.

Демонстранттар премьер-министр Эрдоганды "авторитардык бийлик орнотуп жатат" деп айыптап, өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG