Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:35

Guardian интернет программа тууралуу маалымат берген адамдын атын атады


Британиялык Guardian гезити АКШнын интернет аркылуу шектүү адамдардын артынан аңдуу жүргүзгөн программасы тууралуу журналисттерге айтып берген адамдын атын ачыкка чыгарды.

Басылманын маалымдашынча, бул адам - АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинде келишим менен иштеп жүргөн Эдвард Сноуден болгон. Ал аты-жөнүн ачыкка чыгарууну гезиттен өзү өтүнгөн.

Сноуден өз кадамын Guardian гезитине элдин атын жаманып, элге каршы иштеген АКШ бийлигинин аракетин ашкере кылуу ниети менен түшүндүргөн.
Присм деп аталган программа АКШнын улуттук коопсуздук агенттигине жана Федералдык чалгындоо кызматы ФБРге ири интернет провайдерлерине уруксатсыз эле туташып, шектүү делген адамдардын электрондук каттарын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, бул программа учурда көзөмөл алдында турат жана аны колдонуу үчүн Сенаттын колдоосу зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG