Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

ӨКМ: Сууга чөккөндөр көбөйүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-июнь күнү республиканын эки жеринде беш киши сууга чөгүп кетти.

Кара-Кулжа районунун Ойтал айлынын тургундары 13 жаштагы Алымбек кызы Зарипа менен Назарбек кызы Чачыкей Орто-Көл көлүнө чөгүп кетишкен. Алардын сөөктөрүн жергиликтүү тургундар таап, ата-энелерине тапшырышты. Ошол эле күнү Сокулук районундагы суу сактагычка чөмүлгөнү барган үч кыз чөгүп кеткен. Алардын бири, 25 жаштагы А. Токтосунованын сөөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан табылган. Куткаруучулар кийинчерээк дагы эки кыздын: 11 жаштагы Кубан кызы Айтурган менен Мелис кызы Мединанын сөөктөрүн таап, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG