Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Түркияда толкундоолор башталганына он бир күн болду


Стамбулдун Таксим аянтында премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганга каршы чыккан миңдеген демонстранттар дагы деле тарай элек. Эрдоган жекшемби күнү чыдамы кетип баратканын айтып, өз бийлигине каршы чыккан демонстранттарды «ууру-кески» деп айыптады. Өкмөт башчы анын бийлиги көчөдө эмес, добуш берүү аркылуу чечилээрин эскертти. Полиция Анкарада Эрдоган сүйлөгөн жерден алыс эмес жерде демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ жана суу колдонду. Түркиядагы кагылышуулардан улам 3 адам каза таап, 5000 адам жараат алганы кабарланууда. 31-майдан бери уланган митингдер Түркиянын 78 шаарында өттү. (AiK)

XS
SM
MD
LG