Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Ирактагы жардыруулардан 13 адам набыт болду


Дүйшөмбү күнү Ирактагы эки жардыруудан 13 адам каза таап, 40тан ашуун адам жараат алды. Бакуба шаарында эки унаа бир убакта жарылды. Бул шаарда көбүнчө шииттер отурукташкан. Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Иракта азчылыкты түзгөн сунниттер менен көпчүлүктү түзгөн шииттердин ортосунда тирешүү күчөөдө. Шииттер өкмөттү түзүшкөн, ал эми сунниттер куугунтуктоолорго кабылганын айтышууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG