Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Кабулда чабуулга бөгөт коюлду


Ооганстандын борбор калаасы Кабулда дүйшөмбү күнү эртең менен НАТОнун башкаруучу штабы жайгашкан аэропорттун жанында талибдердин чабуулу токтотулду. Франс-пресс агенттигинин маалыматы боюнча, жети уюштуруучу өлтүрүлдү. Коалициянын аскер күчтөрү жана карапайым жарандар жабыр тарткан жок. Кабул полициясынын жетекчиси журналисттерге билдиришинче, чабуул жасагандардын экөөсү жанкечти болгон, ал эми бешөө коопсуздук кызматкерлери менен атышкан. Кагылышуу бир нече саатка созулган. (AiK)

XS
SM
MD
LG