Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Акыйкатчы: Июнь окуясына адилет баа берилди десе болот


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун июнь окуясы боюнча өзбек тектүүлөрдүн көбүрөөк соттолуп жатканы чындык, бирок алардын баары айыпсыз соттолду, укугу тебеленип жатат деп айтууга туура келбейт деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Акыйкатчынын айтуусунда, июнь окуясына чыныгы бааны тарых берет, ошондуктан бул иш боюнча аягына чыккан сот иштерин кайра бузуунун зарылчылыгы жок:

-Убагында баары зөөкүрлүк кылышкан, бири-бирин кыйнашкан, өлтүрүшкөн. Эми эле бардыгы актанып, карганып чыга келишти. Сот чечими деле оюнчук эмес да, аны кайра-кайра карай берүүнүн кереги жок. Эгер ачык эле жок жерден күнөөлөнүп, ак жип менен тигилип калгандары болсо, аларды бузууга болот.

Эл аралык адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму бүгүн тараткан отчетунда июнь коогасына кыргыз бийлиги тарабынан бир жактуу баа берилди деп билдирген. Бүгүн Ошто июнь коогасы тутанганына үч жыл толду. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG