Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

“Кинотаврдын” жеңүүчүлөрү белгилүү болду


Сочидеги “Кинотавр” кино тасмалар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылды. Башкы сыйлыкка Александр Велединскийдин “Географ глобус пропил” (“Географ глобусту аракка алмаштырды”) деген тасмасы татыктуу болду. Аракеч Виктор Служкиндин мектепке мугалим болуп киргени тууралуу тасма орус жазуучусу Алексей Ивановдун романына негизделип тартылган.

Мыкты режиссердук иш катары Виталий Манскийдин “Труба” деген даректүү тасмасы аталды. Эң мыкты эркек аткаруучу деген наам “Географ глобусту аракка алмаштырды” тасмасында башкы ролду аткарган Константин Хабенскийге тапшырылды. Эң мыкты аялдын ролу “Интимные места” (“Аврат жерлер”) тасмасында ойногон Юлии Аугга ыйгарылды. Конкурстук программага жалпысынан 12 тасма катышкан (AiK).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG