Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт


Синоптиктердин маалымдашынча, 11-июнь күнү Кыргызстандын айрым аймактарында күн күркүрөп, өткүн өтөт. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүзү 27...32 градуска чейин ысыйт. Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүзү 26...31 градуска жетет. Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүзү 28...33 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17...22, күндүзү 28...33 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 17...22, күндүзү 22...27 градус ысыйт. Нарында түнкүсүн 8...13, күндүзү 21...26 градус болот. Суусамырда түнкүсүн 1...6, күндүзү 18...23 градус, тоолордо түнкүсүн 0...5, күндүзү 9...14 градус жылыйт.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүзү 27...29 градуска көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG