Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Борбордук Европада кайрадан суу ташкындоодо


Германиядагы суу ташкыны өлкөнүн түндүгүнө жайылууда. Жекшемби күндөн тарта Магдебургдан 30 миң адам эвакуацияланды. Нөшөрлөп жааган жаандан улам Эльба өз нугунан чыгып кетти. Европанын башка өлкөлөрүндө суу тартылып калды. Жекшемби күнү Венгриянын борбору Будапештте Дунайдагы суунун деңгээли 7 метр 45 сантиметрге көтөрүлгөн, учурда ал кайра ылдыйлай баштады. Азыр шаарга коркунуч жок.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 10-июнда бул боюнча журналисттерге брифинг уюштурду.

- Бүгүн бардык күчтөрдү шаарды суу ташкынынан коргоп калууга жумшоо керек. Суунун деңгээли ылдыйлай баштады. Күчтөрдүн басымдуу бөлүгү түндүктө иштеп жатышкан, эми түштүк жакты да караш керек, суу болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү.

Түнкү жаандан кийин Праганын – Чехиянын борбор калаасынын борбордук көчөлөрү да суу астында калды. Австрияда жана Словакияда да чукул коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Швейцариянын батышында дарыялар нугунан чыгып, поезддердин жолун бууду. Өткөн жумада суу ташкынынан Европанын борборунда 18 адам жапа чегип, 10 адам Чехияда каза болду (AiK).

XS
SM
MD
LG