Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Баткен: кыргыз-тажик чегинде дагы чыр чыкты


Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда бүгүн кечке жуук чыр чыгып, калайман мушташка айланып кете жаздады. Окуя болгон жерге дароо жетип барган милициянын ыкчам тобу жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калганын "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбеков тастыктады. Анын айтымында, азыр топтолгон эл тарап, кырдаал тынчыды. Чырдын чыгышына чек арадагы жер талаш себеп болгон. Маалыматка караганда, бүгүн кечки жетилер чамасында бул жерге эки тараптан баш-аягы миңдей киши чогулган.

Окуяга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар да күбө болгон. Алар бул учурда чек ара маселелери боюнча көчмө жыйын куруп, аталган айылдын эли менен жолугушуп жүргөн.

Өткөн айда да Баткендин Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылында жаңжал чыгып, кошуна эки эл эки күн жол тосуп, тирешип турган. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG