Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч


Дүйшөмбү күнү кечинде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары ортосунда чыр чыккан Баткендин Самаркандек айылында кырдаал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбеков билдирди. Анын айтымында, учурда айылда милициянын ыкчам тобу көзөмөл кылып жатат.

Кечээ кечинде Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда кечке жуук чыр чыгып, калайман мушташка айланып кете жаздаган. Окуя болгон жерге дароо жетип барган милициянын ыкчам тобу жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калган. Чырдын чыгышына чек арадагы жер талаш себеп болгон.

Маалыматка караганда, кечээ кечке жуук бул жерге эки тараптан баш-аягы миңден ашуун киши чогулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG