Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Ирак: жардыруудан 70ке жакын адам каза тапты


Дүйшөмбү күнү Ирактын бир нече аймагында жардыргыч заттар катылган унаалар жарылып, 70ке жакын адам ажал тапты.

Жардыруулар Дияла, Мосул провинциялары баштаган бир нече аймакта болду. Бул үчүн эч бир топ жоопкерчиликти моюнуна ала элек. Бирок бийлик сунниттердин экстремисттик кыймылы уюштурду деп шектенүүдө.

Ирактагы бул жардырууларга көбүнесе шииттер менен сунниттер ортосундагы карама-каршылык себеп болору айтылат. Азчылыкты түзгөн сунниттер шииттер түзгөн өкмөттү "адилет саясат жүргүзбөй жатат" деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG