Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

АКШ Косовону Сербия менен мамилени чыңдоого чакырды


АКШнын вице-президенти Жозеф Байден Косовонун премьер-министри Хашим Тачини Сербия менен мамилени жакшыртууга чакырды.

Ак үйдөгү билдирүүсүндө Байден тынчтыкты жана өнүгүүгө багытталган тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мамилени оңдоо боюнча келишимди ыкчам жана толугу менен аткаруу маанилүү экендигин баса белгилеген. Евробиримдиктин ортомчулугу менен кабыл алынган келишимге ылайык, Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдер автономия алышат. Ал эми Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгын расмий Белград таанышы абзел.

Келишимдин аткарылышы эки тарапка тең келечекте Еврошаркетке мүчөлүк алуу үчүн маанилүү документ катары аталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG