Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Сараеводо жүздөгөн демонстранттар парламентке марш менен барышты


Босния менен Герцеговинада эки жумадан бери өкмөткө каршы митингдер уланууда, дүйшөмбү күнү жүздөгөн демонстранттар Сараевонун көчөлөрү аркылуу парламентке карай марш жасашты.

Митингге чыккандар бийликтерден идентификациялык номерлер тууралуу акыркы чечимди кабыл алууну талап кылышууда, себеби аларсыз 2013-жылдын 12-февралынан кийин төрөлгөн балдар өздүк документтерди ала алышпайт. Бул жараянды көзөмөлдөгөн мыйзам нормаларынын мөөнөтү да ушул жылдын февралында аяктаган.

Демонстрациялар 5-июндан бери уланууда. Алардын арасында жаш балалуу аялдар да бар. Алар парламенттин ичинен бир жарым миңдей адамды чыгарбай коюшкан. Полиция парламентте камалгандарды 12 сааттан кийин гана бошоткон.

XS
SM
MD
LG