Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Бишкектеги мыйзамсыз сатылган жерлер боюнча жыйын болот


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттарынан куралган атайын комиссия бүгүн Бишкек мэриясында көчмө жыйын өткөрөт. Анда шаардагы сейил бактар жана өзгөчө маанилүү жерлердеги курулуштардын мыйзамдуулугун текшерген комиссиянын жыйынтыгы каралмакчы.

Буга чейин аталган фракциянын беш депутатынан турган комиссия шаардагы “Ата Түрк”, “Жеңиш” сейил бактарындагы, Түштүк магистралдагы, “Бишкек парк” соода үйүндөгү, “Карвен клуб” эс алуу борборунун жана Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанындагы курулуштар менен курулушка берилген жерлерди пайдалануунун мыйзамдуулугун иликтешкен. Натыйжада, курулуштардын мыйзамдуулугу күмөн жаратат деген бүтүм чыгарылган.

Шаар бийлиги аталган жерлердин баары 2010-жылга чейин мурдагы мэрдин тушунда берилгенин, алар боюнча сотко кайрылып, айрымдарын уттуруп койгонун айтууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG