Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Ош: кудуктан табылган денелер боюнча иликтөө жүрүп жатат


Ош шаарындагы канализация кудугунан табылган эки кишинин өлүгү боюнча иликтөө амалдары уланууда. Алардын сөөгү 10-июнь күнү Черемушки кичирайонундагы Осмонбеков көчөсүндө жайгашкан кудуктардын биринен табылган. Экөө тең эркек кишилер.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, маркумдардын денесинде уруп-согуунун издери жок. Алар 6 метр тереңдикте түтүктөрдү оңдоп жаткан учурда кандайдыр бир кокустуктан ажал тапкан болушу мүмкүн деген божомол бар.

Каза тапкандардын бири 59, бири 50 жашта экени аныкталган. Алай районунун тургундары. Алар шаарда сантехник болуп иштешкен. (SE)

XS
SM
MD
LG