Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Оторбаев Кумтөр сүйлөшүүлөрү боюнча президентке маалымат берди


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кабыл алды. Анда негизинен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Атамбаев документтеги улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруу маанилүү экенин белгиледи.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Атамбаев кендерге байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү маанилүү экенин эскертти. Оторбаев президентке Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Атамбаев анда улуттук кызыкчылык эске алынышы керектигин белгиледи.

Буга чейин өкмөт Кумтөр сүйлөшүүлөрү боюнча Жогорку Кеңеште отчет берген. Аны аягына чыгаруу үчүн дагы үч ай, октябрга чейин убакыт сураган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG