Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Жалал-Абад окуялары боюнча 6 адамга айып тагылды


Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абадда 31-майдан 5-июнга чейин болгон окуяларга байланыштуу козголгон иштин алкагында 6 адамга: Медербек Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңиш Токторбаев, Абсатар Сыргабаев, Азимбек Жумашев жана Айбек Сулаймановго айып тагылды. Алар бийликти күч менен басып алган, күч менен басып алууга чакырган жана массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Учурда 30дай күбө суралды. Азыр материалдык чыгым такталып жатат жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Тергөө тобу кылмышка шектүүлөрдү аныктап-тактоону улантууда.

Жалал-Абад шаарында 31-майда Кумтөр жана камактагы депутаттар боюнча нааразылык акциясына чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийинчерээк аны атайын кызмат камакка алган. Аны бошотууну талап кылгандар Сузактын Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG