Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Стамбул: полиция Таксим аянтынан митингчилерди кууп чыгарды


Таксимде полиция менен кагылышта айрым демонстранттар фейерверк менен атып жатышты, 11-июнь, 2013

Таксимде полиция менен кагылышта айрым демонстранттар фейерверк менен атып жатышты, 11-июнь, 2013

Түркиянын полициясынын ыкчам аракеттенчү тобунун жүздөгөн өкүлү өткөн түнү Стамбулдун Таксим аянтын демонстранттардан бошотту. Бир аптадан ашуун убакыттан бери бул жерди ээлеп отурган митингчилерди кууп чыгарыш үчүн алар көздөн жаш чыгарчу газды, суу аткычтарын жана желим окторду колдонгон. Полицияга каршылык көрсөткөн айрым демонстранттар фейерверк менен атышканы кабарланууда. Аянттан куулган митингчилер азыр Гези паркындагы чатырларга жайгашты.

Бул аянттагы Гези паркынын ордуна чоң дүкөн курууну каалаган өкмөттүн планына алгач 31-майда экологдор нааразылык билдирип чыгышкан. Алардын күч менен таркатылышы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршы болгондорду бириктирип, өкмөткө нааразылык толкуну бүтүн өлкөгө таркап кетти. Эртең Эрдоган демонстранттар менен жолуга турганын билдирген болчу, бирок өткөн түнкү окуядан кийин ал жолугушуу болор-болбошу белгисиз. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG