Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

АКШдан келген 38 жаңы ыктыярчы ант берди


Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинде АКШнын Тынчтык корпусунан Кыргызстанга келген ыктыярчылардын ант берүү жөрөлгөсү өттү. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, буга чейин Кыргызстанда жүргөн ыктыярчылар жана аларды багып жаткан үй-бүлөлөр катышты.

Ыктыярчылар эки ай бою Сокулукта кыргыз тилин, салт-маданиятын үйрөндү. Эми Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын алыскы айылдарына барып, эки жыл бою жергиликтүү элге англис тилин үйрөтүп, саламаттыкты сактоо, ишкерлик, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү боюнча жардам берет, америкалык маданият менен тааныштырат.

Кыргызстанга америкалык ыктыярчылар 1993-жылдан тарта келе баштаган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG