Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Кабулда бүгүнкү ири жардырууда тогуз адам мерт болду


Ооганстандын баш калаасындагы катуу кайтарылган райондо ири жардыруу болду. Бул аймакта бир нече чет өлкөнүн элчиликтери, ооган өкмөттүк мекемелери жайгашкан. Расмий бийликтердин кабарлашынча, кеминде тогуз адам набыт болду, 24 киши жаракат алды.

Жардыруу жумурияттын Жогорку Сотунун имаратына жакын жерде болгону кабарланууда. Окуяга күбө болгондор “Азаттыкка” айтышкандай, машине соттун кызматкерлери имараттан чыга баштаганда жарылып кеткен. Биздин кабарчыбыз кеминде үч машине жардыруудан катуу жабыркаганын, күйүп кеткенин айтты. Бул үчүн азыр эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG