Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Акмат Бакиевдин абактан качышы боюнча сот уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин абактан качышы боюнча сот иши уланат. Ушул дүйшөмбүдө өткөн соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу Бакиевди 5 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бүгүнкү жараянда Бакиевдин адвокаты сөз сүйлөп, андан соң сот өкүм чыгарышы керек.

Акмат Бакиев 2010-жылы жайында кармалып, апрель, июнь окуяларындагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылдын башында ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. Ошол жылдын март айында Бакиевдин өлкөдөн качып кеткени маалым болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG