Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча бир адам өмүр бою абакка кесилди


Мындай өкүмдү Кара-Суу райондук соту чыгарганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик айыптоочулар Ошто киши колдуу болуп каза тапкан полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу Арипбек Аскарбек уулу, Улан Молдошев, Тилек Жапарбаевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

Соттун чечими менен алардын ичинен Арипбек Аскарбек уулунун үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажырады. Калган кылмышка тиешеси бар деген 5 киши 25, 14, 10 жана 4 жылга эркинен ажырады. Ош облустук прокуратурасы Кара-Суу райондук соту чыгарган бул өкүмдү жумшак болуп калды деп, апелляциялык арыз берүү маселесин карап жатат.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Алгач кылмышты уюштурууга катышты деген шек менен беш киши, андан соң полковникке ок атты деп шектелген бир киши кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG