Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Санпа окуясында курман болгондор эскерилди


Бишкек-Ош жолунун 474-чакырымында тургузулган эстеликтин жанына шейит кеткендердин туугандары чогулуп, курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту. Эскерүү каадасына облустун, Сузак жана Базар-Коргон районунун күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Маркумдардын туугандары 2010 - жылы 12-13-14-июнда Бишкек-Ош жолу менен үйлөрүнө кайтып бараткан жазыксыз адамдар күнөөсүз өлтүрүлгөнүн, алардын өмүрүн кыйгандар толугу менен жазасын ала электигин белгилешти.

Мындан үч жыл мурун дал ушул күндөрү «Санпа» заводунун айланасында он алты адам каза таап, тогуз автоунаа өрттөлгөн. Эки кишинин дайыны эмдигиче табыла элек. Окуяга тиешеси бар деп кармалган 20 адамдын бирөөсү 25 жылга,19у өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын ичинен Шамшидин Ниязалиев аттуу жаран 150 миң сом айыппулга жыгылып, облустук сот залынан бошотулган.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG