Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Быйыл 3,5 миллиондон ашык турист келери болжолдонууда


Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл Кыргызстанга өткөн жылдан 10-15% көп турист келет деп күтүп жатат. Туризм департаментинин кызматкери Чубак Оморовдун “Азаттыкка” айтымында, быйыл Орусиянын бир катар шаарларында, Украинада Кыргызстан тууралуу маалымат берилди, бир катар жарманкелер уюштурулду.

Жыл башынан бери сырттан өлкөнү көрүп, эс алууга келген туристтердин саны былтыркыга караганда 149 миңге көп экени айтылууда. Чубак Оморовдун белгилешинче, Кыргызстанга эс алуу үчүн келген чет өлкөлүктөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Быйыл алардын саны 3,5 миллиондон ашат деп болжолдонууда.

Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши (World Travel and Tourism Council – WTTC) өз баяндамасында Кыргызстанды туризм тармагы тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы 10 өлкөнүн тизмесине киргизген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG