Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Грецияда мамлекеттик радио-телеканал жабылды


Карызга баткан грек өкмөтү акчаны үнөмдөш үчүн, өлкөнүн мамлекетке караган радио-теле корпорациясынын ишин убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу кечээ кечинде кабарланды.

Корпорация аз сандагы кызматкерлер менен кайра ачылганда, азыркы эки жарым миң кызматкер ишке кирүүгө арыз бере алышаары айтылды. Мамлекеттик теле-радио каналдын жабылышына нааразы болгон миңдеген киши демонстрацияга чогулду. Журналисттер имараттан чыгып кетүүдөн баш тартышууда. Грецияга 315 миллион доллар сунуш эткен эл аралык куткаруучулар чыгымдарын кыскартууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG