Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Орусияда нааразылык акциясы өттү


Москвада оппозициянын колдоочулары жана укук коргоочулар “саясий репрессиялардын курмандыктарын» колдогон марш өткөрүштү. Бул акция Орусия күнүндө уюштурулду.

Полициянын эсебинде, акцияга үч жарым миңдей киши келди. Уюштуруучулар 30 миңдей киши болот деген. Катышуучулар былтыр май айында президент Путинге каршы демонстрацияда кармалган активисттердин сүрөттөрүн жана аларды колдогон жарнактарды көтөрүп чыгышты.

Бүгүнкү акциянын катышуучусу, ардагер Лидия "Азаттыктын" орус кызматына буларды билдирди:

– Биринчиден, биз Москванын москвалыктарга тиешелүү болушун каалайбыз. Экинчиден 6-майдан бери туура бир жыл болду, Болотнаяда кармалгандар камакта жатышат. Ал тополоң бийликтин эле колунан келген. Ички иштер министрлиги, президент Путин козуткан. Камалгандарды бошотушсун.

Москванын Болотная аянтындагы былтыркы жүрүштүн 27 катышуучусу учурда «массалык тополоң салган» деген айып менен соттолору күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG