Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Орусияда нааразылык акциясы тынч өттү


Оппозициянын миңдеген колдоочулары Москвада президент Путинге каршы демонстрация өткөрүштү. Бул акция Орусинын күнүндө уюштурулду.

Полициянын эсебинде, акцияга алты миңдей киши келди. Уюштуруучулар 10 миң болду деп ырастады. Катышуучулар былтыр май айында президент Путинге каршы демонстрацияда кармалган активисттердин сүрөттөрүн жана аларды колдогон жарнактарды көтөрүп чыгышты.

Москванын Болотная аянтындагы ал жүрүштүн 27 катышуучусу «массалык тополоң салган» деген айып менен соттолот деп күтүлүүдө.

Демонстрацияга оппозиция лидери, интернеттеги блогдору менен коррупцияга каршы күрөшүп таанымал болгон Алексей Навалный жана башка оппозициячыл саясатчылар баш-көз болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG