Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Өмүркулов - Түлеев: жерди ким саткан?


Бишкек шаарынын мурдагы жана азыркы мэрлери Нариман Түлеев менен Иса Өмүркулов билдирүүлөр аркылуу бири-бирин айыптоого өттү.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, коррупциялык аракеттер менен айыпталып, тергөө абагында жаткан “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев Бишкектин азыркы мэри Иса Өмүркуловду жалган маалымат таратып жатат деп айыптап чыкты. Анын билдиришинче, Иса Өмүркуловдун “Иса Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын бөлүгү жеке менчикке Нариман Түлеев мэр болуп турганда берилген” деген маалыматтары негизсиз.

Түлеев аталган жер 2004-жылы эле берилип кеткенин документтер менен ырастоого аракет кылууда. Ошондой эле эгер Өмүркулов кечирим сурабаса, жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырганы үчүн сотко берүү ниетин да билдирүүдө.

Аталган жерге азыр жеке менчик “Будда” бары ачылып, иштеп жатат. Мамлекеттик дене тарбия академиясына таандык бул парктын жеке менчикке өтүп кеткенин алгачкылардан болуп, Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясынын депутаты Эрнис Докенов айтып чыкты. Бирок ал кайсы мэрдин тушунда сатылганын ачык айткан эмес.

- Маалыматтарды архитектурада иштеген адамдардан алдык. Бирок алар да толук айтышпай, болгону ушул жерлер бөлүнүп кеткен деп жатышат.

Нариман Түлеевдин Өмүркулов жөнүндөгү жолдонгон каты көпкө жоопсуз калган жок. Ага Бишкек мэриясы тез жооп кайтарып, Иса Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын бөлүгү Түлеевдин тушунда берилип кеткенин айтып, анын колу коюлган №352 токтомдун көчүрмөсүн жүйө келтиришкен. Бишкек мэри Иса Өмүркулов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Мен айткан сөздөрүмө жооп берем. Парктын эки жеринен берилген экен, 2007 жана 2009-жылдары. Ызы-чуу болуп жаткан жерлердин баарын мага чейинки иштегендер берип жиберишкен. Депутаттык комиссия да ушуну иликтеп жатат. Мен иштегенден бери 1 кв. метр жер да берилген жок. Тескерисинче, мен мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарууга аракет кылып жатам. Ушул күнгө чейин 5 гектардан ашык жерди кайтардык.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев бир жылдан бери Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында. Ага Бишкек мэри болуп турганда бир катар коррупциялык иштерди жасаган, мамлекетке ири суммадагы зыян алып келген деген айып коюлууда.

Түлеев неге үй камагына чыкпайт?

Маалыматтарга караганда, Түлеев учурда катуу кеселдеп, Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланууда жана сотко ошол жерден келип-кетүүдө. Анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев Түлеев ооруп жатам дебестен, сот ишинин акырына чыгышына кызыкдар дейт.

- Ден соолугу текшерилип, ага зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Ал да өзүн жакшы алып жүрүүгө аракеттенип жатат. Түлеев өзү үчүн сот отурумдары үзгүлтүккө учурап калбасын деп, бардык сот жараяндарына өз убагында келип-кетүүдө. Ал азыр онкологиялык ооруканада УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда жатат.

Буга чейин Түлеевди оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча келтирилген өтүнүчтөр сотто канааттандырылган эмес. “Ата-Журт” фракциясынын башка бир депутаты Жылдыз Жолдошева муну мамлекеттик жана тартип коргоо органдарынын кош стандарт саясаты катары баалады. Ал буга 16 жылга соттолуп, мөөнөтүнүн али жарымы калган кезде “оору” деген негизде абактан чыгарылган “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мисал тартууда.

- Түлеевдин чыны менен эле онкологиялык оору менен ооруй турганы аныкталган. Биздин гана дарыгерлер эмес, аны Германиядагы клиника да тастыктады. Үй камагына чыгарып коюшуп, сот процессин жүргүзө беришсе болмок. Бирок аларга мыйзам иштебейт да, Батукаевге мыйзам иштеп калат.

Ушул жумада Бишкектин мурдагы мэри, 2010-жылдын апрелинде өлкөдөн чыгып кеткен Данияр Үсөнов сыртынан 15 жылга кесилди. Ага 2007-жылы Бишкек шаар мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен “Ата Түрк” паркынан 11,31 гектар жерди тартып алган, муну менен мамлекетке 160 млн. сомдук зыян келтирилген деген айып тагылган.

1990-жылдардын башында “Ата Түрк” паркы 107 гектарды түзсө, учурда ал 50 пайызга кыскарып калганын Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан түзүлгөн депутаттар да аныктап чыгышты. Талдоочулар Үсөнов менен Түлеевден башка да мыйзамсыз жерлерди саткан мэрлердин баарына иш козголушу керектигин билдиришүүдө.

Антпесе, аталган сот иштери саясий максатты көздөп, азыркы бийлик атаандаштарына тор жаюу үчүн гана колдонулуп калышы мүмкүн дешет алар.

XS
SM
MD
LG