Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

“Ата Мекен”: чек ара көйгөйлөрүн тезинен чечүү керек


Мындай кайрылууну “Ата Мекен” фракциясы шаршембидеги жыйынынан соң президентке жөнөттү.

Аталган фракциянын мүчөсү Бакыт Калмаматовдун “Азаттыкка” кабарлашынча, кайрылуу түштүктөгү чек ара аймактарындагы көйгөйлөргө тезинен көңүл бурулбаса, чатак чыгышы мүмкүн экенин эскерткен. Ошондуктан, фракция мүчөлөрү Баткен облусундагы чек ара аймагынын жашоочуларына жана чек арачыларга көрүлгөн камкордукту жакшыртууну, бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чукул чараларды иштеп чыгууну сунуштап жатат.

10-июнда Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда кечке жуук чыр чыгып, калайман мушташка айланып кете жаздаган. Окуя болгон жерге барган милициянын ыкчам тобу жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калган. Чырдын чыгышына чек арадагы жер талаш себеп болгон.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG