Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Чехия премьеринин аппарат башчысы камакка алынды


Чехиядагы антикоррупциялык рейд учурунда премьер-министр Петр Нечастын аппарат башчысы Яна Надьова камакка алынды. Бейшембиге оогон түнү Нечас жетектеген орточул Граждандык демократиялык партиянын төрт саясатчысын да полиция камакка алды. Антикоррупциялык кызматтын башчысы жана эки прокурор бейшемби күнү премьер-министр менен анын кабинетинде кездешти. Бирок жолугушууда эмне сөз болгону маалымдалбады.

Полициянын атайын күчтөрү Коргоо министрлигин, Прага шаардык мэриясын жана кармалган саясатчылар менен жакын эки бизнесмендин кеңсесин жана вилласын да тинтишти. Президент Милош Земан жума күнү премьер-министр, улуттук полициянын зардалы, оппозициячыл Социал-демократтык партиянын лидерлери менен кездешип, жагдайды талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG