Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

14-июнда Иранда президенттик шайлоо өтөт


Президенттикке алты талапкер ат салышат. Алардын арасында Ирандын саясый эстеблишментинин реформачыл канатынын өкүлү Хасан Роухани, консерватор-саясатчылар: мурдагы тышкы иштер министри Алиакбар Велаяти, Тегерандын мэри Махаммадбакир Калибаф, Ислам сакчылары корпусунун мурдакы командачысы Мохсен Резайи, Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Саид Жалили, ошондой эле көз карандысыз талапкер, почта жана байланыш кызматынын экс-министри Сайед Махаммед Карази бар.

Махмуд Ахмадинежад төрт жылдан эки мөөнөт президент болгондуктан, конституция боюнча үчүнчү жолу президенттикке ат салыша албайт. 2009-жылы Ахмединежад экинчи жолу президенттикке шайланганда, добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы Иранда жана башка шаарларда нааразылык акциялары өткөн. Хасан Роуханинин талапкерлеигин экс-президенттер Алиакбар Рафсанжани жана Махаммад Хатами колдошкон.

XS
SM
MD
LG