Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Бүгүн кан донорлорунун эл аралык күнү


Буга байланыштуу Бишкектеги Кан борборунда “Кан тапшырып оорулууга өмүр тартуула” аттуу акция өтөт. Анда каалаган жарандар келип, ыктыярдуу түрдө кан тапшырса болот.

Республикалык Кан борборунун директору Бакыт Карабаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштады. Учурда борбордо сакталган донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, аны өлчөмү мурда белгиленген өлчөмдөн бир топ азайып кетти. Мындан улам Кан борбору менен Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга чакырууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG