Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

“Центерра Голд” Бөкөнбаев-Тоң жолун оңдойт


Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиришинче, Кумтөрдөгү алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы Ысык-Көлдөгү Бөкөнбаев-Тоң жолун төрт жуманын ичинде оңдоп берет. Жолдун узундугу 3 чакырым. Ал эми жакынкы 4 жылдын ичинде узундугу 144 чакырымды түзгөн Балыкчы-Барскоон жолун оңдойт. Бул кыргыз өкмөтүнүн 3 ай ичиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында макулдашылды. Буга чейин Канада Кумтөрдү казып баштагандан бери 15 чакырым гана жолду оңдогон.

Учурда кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анда кыргыз тарап кенди иштетүүдө бир катар жаңы шарттарды сунуштоодо. Эгер “Центерра Голд” бул сунуштарга көнбөсө, келишимди бузуу каралган.

Өткөн айда Жети-Өгүздө Кумтөрдү иштетүү келишимин бузуу талабы боюнча митинг өтүп, кенге кетчү электр жарыгы эки ирет өчүрүлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG