Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Сот Борис Воробьевдун арызын канааттандырган жок


Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын мурдагы директору Борис Воробьевдун арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган соттон “Азаттыкка” тастыкташты. Ал маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин аны кызматтан алган арызын мыйзамсыз деп, компенсация төлөөнү талап кылып сотко арызданган болчу.

Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев театрдын директорлугунан апрелде бошотулган. Ал ага чейин Маданият министрлигинин жетекчилери менен тил табыша албаганы үчүн кызматтан алынган. Андан соң Борис Воробьев театрдагы үн жана жарык берчү аппаратураларды алып чыгып кеткен. Ошондой эле өзү продюсерлик кылган спектаклдерди коюуга тыюу салып, белгиленген спектаклдер үзгүлтүккө учураганы айтылган болчу.(КЕ)

XS
SM
MD
LG