Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте “Донор күнү” аттуу акция өтүп жатат


Кан донорлорунун эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкекте "Кан тапшырып оорулууга өмүр тартуула” аттуу акция өтүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөндөр жана офицерлер муктаж адамдарга деп кан тапшырышты. Ушул күнү каалаган жарандар келип, ыктыярдуу түрдө кан тапшырса болот.

Адистер акыркы учурда Кыргызстанда ыктыярдуу кан донорлору азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштаганын белгилешүүдө. Кан борборунан кабарлашкандай, донордук кандын запасы күн сайын төмөндөп, анын өлчөмү мурда белгиленгенден бир топ азайып кеткен.(КЕ)

XS
SM
MD
LG