Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат


Өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменеи Тегеранда добуш бергенден кийин АКШнын шайлоонун демократиялык стандарттарынан күмөн санаган билдирүүсүн четке какты.

Элдин пикирин сурамжылоо көргөзгөндөй, байистүү диниятчы Хасан Роухани менен Тегерандын мэри, эскичил Мохаммад Бакер Калибаф теңме-тең келиши мүмкүн. Бир да талапкер көпчүлүк добуштарды жеңе албаса, биринчи жана экинчи орун тийгендер 21-июнда эмки айлампада ат салышмакчы. Революция Сакчыларынын кеңеши 6 кишинин талапкерлигин жактырган. Азыркы президент Махмуд Ахмадинежад мыйзам боюнча үчүнчү президенттик мөөнөт үчүн ат салыша албайт. 4 жыл илгери болгон шайлоо антиөкмөттүк ири демонстрациялар менен коштолгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG