Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

HRW 3 өзбек тектүү жаранды Кыргызстанга бербөөгө Орусияны чакырууда


Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Орусия бийликтерине кайрылып, үч этникалык өзбек тектүү жаранды Кыргызстанга өткөрүп бербөөгө чакырды. Аталган уюм тараткан маалыматта, өзбек тектүү жарандар, Жалал-Абаддын Сузак районунун тургундары Гайратбек Салиев, Бактияр Мамашев жана Махаммадилло Кадиржанов Кыргызстанда кыйноолорго туш болушу ыктымалдыгы жазылган. “Ошол себептүү Орусия эл аралык милдеттемелерин аткарып буга тоскоол болушу керек” деп жазылат билдирүүдө.

Аты аталган үч жаранга 2010-жылдагы улут аралык жаңжалга тиешеси бар болушу мүмкүн деп Кыргызстанда издөө жарыяланган. Башкы прокуратура аталган үч жаран Бишкек-Ош жолундагы “Санпа” заводунун айланасында жол тоскондордун катарында болгонун билдирген. Укук коргоочулар июнь коогасын иликтөө учурунда кыйноо фактылары катталганын, натыйжада көбүнесе этникалык өзбектер соттолгонун айтып келишет.

Мындан үч жыл мурун дал ушул күндөрү «Санпа» заводунун айланасында он алты адам каза таап, тогуз автоунаа өрттөлгөн. Эки кишинин дайыны эмдигиче табыла элек. Окуяга тиешеси бар деп кармалган 20 адамдын бирөөсү 25 жылга,19у өмүр бою эркинен ажыратылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG