Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Казакстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Ташкендеги сапары учурунда эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлду.

Документте саясат, соода, экономика, маданият жана транспорт тармактарындагы кызматташуунун багыттары аныкталат. Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Назарбаев Өзбекстандын Борбор Азия тарыхындагы жана маданиятындагы ордун белгилей кетти. Региондун коопсуздугу “эки өлкөнүн кызматташтыгына көз каранды” деди казак мамлекет башчысы.

Назарбаев менен Каримов Борбор Азиядагы лидерлик үчүн атаандаштар катары каралып келет. Буга чейин эки өлкөнүн мамилелерине көлөкө түшүргөн окуялар болгон. 2008-жылы Ташкенде Казакстандын маданий борбору жабылган. Талашка түшкөн чек ара тилкесинде атышуулар болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG