Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:34

Талас: катуу жааган мөндүрдөн дыйкандар зыян тартышты


3-5-июнь күндөрү жааган мөндүр Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун бир нече гектар жерге тигилген төө буурчак жана дан эгиндерине зыянын тийгизди.

Бул тууралуу өкмөттүн Талас облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Анын айтымында, Кара-Буура районунан 123 гектар төө буурчак, 27,5 гектар күздүк буудай, Бакай-Атада 30 гектар төө буурчак, 20 гектар буудай талаалары жабыркаган. (MbA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG